"Тамашоу": "Моника Беллуччи" командасы 5-сезондун чемпиону болду

26-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” 5-сезонунун финалдык оюндары болду. Анда чемпион болуу үчүн “Тамадалар”, “Ак Кеме”, “Моника Беллуччи” жана "No Name" командалары күч сынашты. Айта кетсек, оюндарга экс-президент Роза Отунбаева, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков сыяктуу белгилүү инсандар да күбө болушту. Оюн абдан кызыктуу өтүп, жыйынтыгында “Ак Кеме” командасы 4-орунду, "No Name" командасы 3-орунду, “Тамадалар” командасы 2-орунду ээледи. Калыстардын чечимине ылайык, 5-сезондун чемпиону деп “Моника Беллуччи” командасы табылды. Кошумчалай кетсек, калыстар тобу, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Ош шаардык мэриясы тарабынан “Тамашоу” долбооруна 50 миң сом акчалай сыйлык берилди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
MaRmeLaDka
2013-05-27 11:08:16
"Моника" азаматсыңар! Акыры жеңишти багындырдыңар!
-4
LIVER
2013-05-27 11:13:49
Судьи все неопытные люди которые не понимают юмор, я ходил и убедился в этом, Моника заслужила первое место, команда тамадалар выступа не очень то ярко но дали им второе место, подкупные все.
-1
Begimkyz
2013-05-27 17:32:29
Ии ушу тамашоудо ушундай болушпосо болмок эле го. No name командасы татыктуу болчу. Тамадалар деле акыркы кундору "супсак" болуп кеткен. NO NAME СИЛЕР АР ДАЙЫМ БИРИНЧИСИНЕР!!!
+1
aidi949303
2013-05-28 09:02:53
"No name" неге 1 чи эмес эн мыкты каманда болчу
+3
admin_superstan
2013-05-28 09:57:35
aigulkg, bokonbaev, Begimkyz, далили жок жалаа жабуудан алыс болуңуз.
Begimkyz,билдирүүңүз түзөтүлдү.
Азырынча эскертүү!
-1
admin_superstan
2013-05-28 10:01:52
baxxa, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
Сизге эскертүү!
0
bokonbaev
2013-05-28 13:36:47
"Monikanin chempion bolo turgany 4.sezondo ele belgiluu bolgon.sebebi esinerde bolso kerek Monika 5.sezondo oinoboibuz dep koshtoshushkan bolchu kapa bolgondoi bolushup.anan alarga dagy bir sezon oinogula chempionduktu silerge berebiz.chempion bolboi ketsener uyat deshken.myna bolushtu.menin jeke oyumcha NO NAME komandasy jenishke kachan ele tatyktuu bolgon... ) bul achuu chindik.. "
+1
nokia-80.80
2013-06-20 19:43:13
баары тен мыкты ойношот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан