Нарын. Мэрия алдынкы мектеп окуучуларын стипендия менен сыйлады

25-майда Нарын шаарындагы бардык орто мектептерде Акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. 

Майрамдык иш-чараларга шаар башчысы Баатырбек Жээналиев катышып, окуудагы эң мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга шаардык мэриянын стипендиясын тапшырды. Мэрдин стипендиясына шаардагы 8 орто мектептин 59 окуучусу ээ болуп, жергиликтүү бюджеттен 76 миң сом акча каражат жумшалганын билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Салтанаттуу кече концерттик программалар менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан