Бүгүн, 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата "Супер-Инфо" гезити жана Super.kg порталы акция өткөрдү. Алгач акциянын башталышында студенттерди куттуктап, кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылар жана "Тамашоунун" жигиттери өз өнөрлөрүн тартуулашып, оюн ойнотулду. Андан соң "Супер-Инфо" гезити жана Super.kg порталы 100дөн ашык студентке "Кыргыз киносу" кинотеатрында көрсөтүлүп жаткан "Салам, Бишкек!" кинотасмасын акысыз көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Урматтуу студенттер! Сиздерди "Супер-Инфо" гезитинин жана Super.kg порталынын жалпы жамааты майрамыңыздар менен куттуктап, окууңуздарга ийгилик кааламакчы!