АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяда бензинге узун кезек күтүүлөр жаралганын айтты. Бул тууралуу Трамп 17-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына жазган. Ошондой эле Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды лакап ат менен "ракеталуу адам" деп атады.
"Кечээ кечинде Түштүк Кореянын президенти менен сүйлөштүм. Андан "ракеталуу адам" кантип жашап жатканын сурадым. Түндүк Кореяда бензинге узун кезек күтүүлөр жаралууда. Абдан жаман!" - деп жазды Трамп.
АКШ менен Түштүк Кореянын президенттери Түндүк Кореянын ракета учуруулары жаатында пикир алышып, Түндүк Корея БУУнун сынына карабай аракетинен баш тартпай жатканын белгилешкенин бир катар ММКлар жазышты.
Белгилей кетсек, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеӊеши 11-сентябрда Түндүк Кореяга каршы жаӊы санкцияларды киргизүү жөнүндө резолюцияны кабыл алган. Жаӊы санкцияларга ылайык, Түндүк Кореяга мунай продукцияларын жеткирүүгө чектөө киргизилген. Ошондой эле чийки мунайды жеткирүүгө да лимит коюлган, тагыраагы, Түндүк Кореяга ташылган мунайдын көлөмү соӊку 12 айдагы көрсөткүчтөн ашпасын деген чектөө киргизилген эле. Башка да чектөөлөр каралган.
3-сентябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетасына жабдылчу суутектик жарылчу заттын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Түштүк Корея менен Япониянын аскердик күчтөрү бул жарылуучу заттын кубаты 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атомдук жарылуучу заттан бир топ эсе күчтүү деп жатышат.
15-сентябрда Түндүк Корея учурган кезектеги ракета Япониянын үстүнөн учуп өттү.