Кыргызга ГЭС кура турган "Liglass" компаниясынын башкы директору Михаил Смелик аталган компания тууралуу айтылган сөздөрдү төгүндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, активист Эдил Байсалов, саясатчылар Феликс Кулов, Темир Сариев аталган компания тууралуу туура эмес маалымат беришкен. “Кыргыз өлкөсүнө ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзүлгөндөн тарта ар кандай сөздөр чыгып кетти. Тендер мыйзамдуу өткөн, ага 40тан ашуун адам катышкан. Мага, компанияга карата эч кандай кылмыш иши козголгон эмес”, - деди Смелик.
Мындан тышкары Кыргыз жеринде ишке аша турган долбоорлор аягына чыгарын билдирди.
Эске салсак, 10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек. Эртең, 19-сентябрда аталган сумманы төлөп берүү акыркы күн.
Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.
Мындан улам Эдил Байсалов, Феликс Кулов, Темир Сариев компания тууралуу өздөрүнүн пикирлерин айткан.