"Liglass'тын" директору 37 миллион доллар качан которуларын так айта албай койду
Чехиялык "Liglass" компаниясынын башкы директору Михаил Смелик Кыргыздын "Русгидро" компаниясына болгон карызын жабууга 37 миллион доллар качан которуларын айткан жок.
“Биз Кыргыз мамлекетине өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келгенбиз. Бүгүн сүйлөшүүлөр болот. 37 миллион доллар которуу боюнча сүйлөшүүдөн кийин айтабыз. Өкмөт менен сүйлөшмөйүнчө жооп берүүгө болбойт. Азыр айтсак Эдил Байсалов бир нерсени жазып чыгат. Бир эле Эдил Байсалов эмес башкалар дагы жазышат”, - деди Смелик.
Компаниянын башчысы 37 миллион доллар төлөөгө компанияда каражат бар экенин билдирди. "Акчабыз жок болсо бул жерге келип тендерге катышпайт элек" деди.
Смелик компанияны каралап жаткан Эдил Байсаловду сотко берерин билдирди.
Айта кетсек, 10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек болчу. Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы резиденцияда берген маалымат жыйында "чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат” деп айткан.
Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда ЖМКлардын бирине берген маегинде "Liglass" убадалаган 37 миллион долларды 15-сентябрга чейин төлөшү керектигин билдирген.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 37 миллион доллар 18-сентябрга чейин төлөнүшү керектигин белгилеген.
Ал эми Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирген. Комитеттен билдиргендей, макулдашуу күчүнө кирген убакыт 4-август деп эсептелет. 31-август, 1-сентябрь майрам күндөрүн эске алганда 37 миллион долларды которуу мөөнөтү 2017-жылдын 19-сентябрында аяктай турганын айтышкан.