Депутат Алмазбек Токторов спорт агенттигинин статс-катчысы кыжырына тийип жатканын айтты

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Токторов жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова кыжырына тийип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда тийиштүү комитеттин жыйынында билдирди.

Алмазбек Токторов Нуржан Бардиновадан бир нече жолу "Шахмат мастеринин жогорку наамы барбы?" деген суроо берди. Статс-катчы стипендия тууралуу айтып, кайра суроону түшүнбөй жатканын билдирди.

Депутат статс-катчыдан: “Биринчи жолу Жогорку Кеңешке келип жатасызбы? Эмнеге кыжырга тийген мамиле кылып жатасыз? Мен силердин мекемеңерде отурган жокмун. Билимиңиз боюнча кимсиз?” - деп сурады.

Анда Нуржан Бардинова орус тили боюнча мугалим экенин айтты. Алмазбек Токторов “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов өзү келгенде кароону сунуштады.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз статс-катчыга комитет жыйынында депутаттын сөзүн бөлүп жооп бергенге болбой турганын жана укугу жок экенин эскертти.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоордун концепциясын жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан