Зилалиев: “Liglass” компаниясы 37 миллион долларды төлөй албай турганы белгилүү болуп калды"

Liglass” компаниясынан 37 миллион долларды которуу мөөнөтүн аргасыз жагдайдан улам узартып берүү боюнча расмий кат келген", - деп билдирди бүгүн, 18-сентябрда 24.kg порталына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Анын айтымында, катта кайсы убакытка чейин узартуу боюнча белгиленген эмес. "Мамлекеттик органдар мөөнөттү узартууга болобу деген маселени карап чыгышы керек. Чечимди премьер-министр кабыл алат", - деди ал.

“Liglass’тын" өкүлдөрү 37 миллион доллар төлөөгө саясий күчтөр тоскоол болгонун айтышты. Бул боюнча бүгүн-эртең өкмөт башчынын кароосуна алып чыгабыз. Компания 37 миллион долларды төлөй албай турганы белгилүү болуп калды. Эгер төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар болсо төлөшмөк”, - деди ал.

Мындан тышкары Зилалиев келишим ишке ашпай калса жоопкерчиликти моюнуна алууга даяр экенин кошумчалады.

Эске салсак, 10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Ал эми Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 13-сентябрда "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирген.

Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан