"Liglass" компаниясы менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимден биздин өлкөнүн аброюна шек келтирилбейт”, - деп билдирди 18-сентябрда журналисттерге вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.
"Себеби бүгүнкү күндө каражат жактан же башка жактан жоготуу болгон жок. Тескерисинче 1 миллион 200 миң доллар бизде калып жатат. Биздин аброюбузга эмес Чехтердин аброюна шек келтирилди. Коркунучтуу эч нерсе көргөн жокмун. Башка компаниялар келет. Кызыккан компаниялар бар", - деди ал.
Анын айтымында, бул маселе саясатташтырылып жатат. Чехтер өздөрү бул компанияны жок кылабыз деп жатышат.
Азырынча келишим бузулду деп айта албай турганын кошумчалады. "Убакыт боюнча утулуп калдык деген болбогон сөз. 10-12 жылдан бери курулбаган нерсе. Көп болсо 4-5 ай убакыт кетти. Тендер комиссиясынын мүчөлөрү текшерген, ал убакытта мындай маалыматтар жок болчу", - деди Зилалиев.
"Аталган компания 37 миллион долларды төлөп берүү үчүн мөөнөттү узартып берүү боюнча кат жөнөткөн. Аны тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Алардын корутундусу премьер-министрге берилет. Бүгүн келишим эмне боло турганы боюнча жыйынтык чыгат", - дейт.
Эске салсак, 10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Ал эми Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 13-сентябрда "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирген.
Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.