15-октябрдан 20-ноябрга чейин Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу-2017" сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 19 жаштагы Бегимай Карыбекова катышат. Сынакта өзүн тааныштыруу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн кооз жерлеринде тартылган видеоролик даярдап, аны коомчулукка жарыялады.
"Буга чейин "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңишке жетишип, дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алгам. Учурда даярдыктарым күчтүү. Мен Кыргыз жерин татыктуу көрсөткөнгө болгон аракетимди жумшайм", - деп ал интернеттеги өздүк баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Бегимай Карыбекова ушул жылдын апрель айында өткөн "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңүүчү аталса, ага чейин эл аралык "Top Model Of The World 2016", "Miss Intercontinental 2016" сынактарында Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан.