Жабдууларды белгиленген убакытка чейин даярдоо мүмкүн болбой жатканына байланыштуу Кыргыз чек ара өткөрүү бекеттерин техника менен толук камсыз кылууну дагы эки жылга жылдыруу сунушталды. Мындай сунуш 19-сентябрда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында айтылды.
Экономика министрлиги өткөрүү бекеттерин техника менен жабдуу убактысын 2019-жылдын 12-сентябрына чейин жылдыруу боюнча токтом долбоорун талкууга алып чыккан.
Айта кетсек, техникалык жардам иретинде Орусия 200 миллион долларлык жабдуу бериши керек. Унаалардын ичиндегилерди көрсөтө турган чоң сканерди Орусияда бир гана ишкана жасагандыктан жабдуу жарым жылда даяр болот.
Экономика министри Артём Новиков: "Биз орусиялык тарапка макулдашууну ишке ашырчу мөөнөт аяктап жатканын айтып бир нече жолу кайрылдык. Көпчүлүк бөлүмдөр боюнча биздин сунуштарга макул болушту. Текшерүүчү комплексти техника менен жабдуу маселеси калды. Мындан улам мөөнөттү жылдыруу токтомун алып чыктык", - деди.
Жыйында депутаттардын көпчүлүк добушу менен токтом долбоору жактырылды.