Мьянма бийлиги: "Мьянма мусулмандарга жасалган мамилесине карата айтылган сындардан коркпойт"

Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжи дүйнө коомчулугунун рохинджа мусулмандарына болгон саясатты сынга алганынан өлкө бийлиги коркпой турганын айтып чыкты. Муну менен Мьянманын лидери Ракхайн штатында болуп жатканы кырдаал тууралуу биринчи ирет пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мьянма парламентинде сүйлөп жатып Аун Сан Су Чжи: "Дүйнө жүзүндөгү биздин көптөгөн жолдошторубуз өрттөлгөн кыштактар жана качкындар тобу тууралуу маалыматтарга кооптонуп жатканын түшүнүп турам", - деди. Анын айтымында, бийлик кырдаалды жөнгө салуу максатында келип түшкөн бардык аргументтерди карап чыгышы керек. Ошондой эле Мьянма бийлиги тарабынан каатчылыкты жоюу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу дүйнө коомчулугу билиши керектигин кошумчалаган.

Кырдаал кантип курчуду?

Саясий кризиске алып келген Ракхайн штатындагы окуялар август айынын соңунда полиция бөлүмүнө болгон чабуулдан кийин башталган. Анда 12 укук коргоо органынын кызматкерлери каза болгон. Бийлик буга "Рохинджаны куткаруу армиясы" куралдуу тобун күнөөлөгөн.

Рохинджа мусулмандары алардын укуктары чектелип, аларга жарандык берилбей жатканын айтышкан. Мьянма бийлиги алардын көпчүлүгү Бангладештен келген иммигранттар деп айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
eldar96
2017-09-19 20:08:47
Акмак акмактыгын кылат
+4
Kaary
2017-09-19 20:12:45
Башыңарды жейсиңер го бир күнү Кудай буюрса!
+21
kyrgyz.kg83
2017-09-19 20:21:12
Убакыт келет бардык нерсе тескерисинче болот
+20
AzKumFerDan
2017-09-19 20:38:36
Стоп Будись.башынарды жейсинерго
+17
afina66
2017-09-19 21:07:50
ХХХХ буддисттер бир кун келет бул нерсе учун ар бирин бирден жооп берею турган
+10
evra_kg
2017-09-19 21:14:32
Адам эмес булар
+7
PROS
2017-09-19 21:20:43
Санкция киргизиш керек болчу, пайдасы жок ООН АКШнын гана буйругун аткарат.
+9
Midub
2017-09-19 21:40:52
турция мн чечендер корсототко буларга
+13
tyrgon
2017-09-19 21:48:28
сауд арабия Катар кувейт каякты карап журушот же кулагы укпай коздору корбой калганб
+11
xnurgul_gul
2017-09-19 22:30:45
tyrgon,katar USA ga koshuldu go
+2
suban78
2017-09-19 21:51:35
Жон эле жашап жатышса эле келип олтуруп жатпагандыр булар деле. Бир жаман иштерди кылбады бекен мусулмандар. Полиция участогуна кол салып адамдар олуптурго
-15
cfif03748
2017-09-19 22:45:00
suban78,саясатта ар нерсени жазып койо берет.башында бир аялды зордоп олтурушуп.ошондон уруш чыкты деп чыгышты эле.Эми 12 полицейский?
+5
Jarookerjan
2017-09-20 01:06:53
suban78,Мьянмада мусульмандарга коп убакыттан бери басым болуп келген.Акыркы кездери бул аябай куч алган жана ачык айкын эле коркутуулар,басмырлоолор,зулумдук боло баштаган.
+3
Rifle_I
2017-09-20 08:09:03
suban78,Оштогу окуя 2010 жылы кандай башталган эле ?
+2
friendwipkg
2017-09-20 08:23:06
Rifle_I, Ош окуясын убактылуу өкмөт мүчөлөрү уюштурушкан. Батыровдун жардамы менен.
+4
kelemdedin
2017-09-19 22:51:26
Им тобу деп исламды жамынып жардыргандарды кунуго мин жолу корсотот. Мусулмандарды кырып атса да баары жымго
+3
Jarookerjan
2017-09-20 01:10:11
Кудайым озу жазанарды берсин буддисттер!
Турция азамат мамлекет экен,биринчилерден болуп каршы чыкты.
+3
raykray
2017-09-20 01:16:07
Кудай урсун силерди Кудай урсун!!! канча Мусулман бир туугандарым азап мн олуп атат
+3
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-20 12:16:12
Буддистер жооп берет турган кунунор алыс емес ин ша Аллах Эрдаган еркек екенсиз ХХХХ ! Аллах сизди жана бийлигинизди кучтуу кылсын
+1
admin_superstan
2017-09-20 12:29:23
KIPCHAK-KALMAK, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан