Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова Парижде жаратылышты коргоого багытталган долбоорун тартуулады

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тилляева Париждеги тарыхый борбор аталган "Monnaie de Paris" музейинде өткөн "AD INTERIEURS 2017" көргөзмөсүндө "ЭКО АРТ" долбоорун тартуулады. Долбоор сүрөтчү Маркос Лютенс менен бирге ишке ашып, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.

"Азыркы учурда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу бир топ жаратылыш кырсыктарына күбө болуп жатабыз. Биз бул нерселерди адамзаттын табиятка болгон ырайымсыз мамилесине кайтарган жообу катары кабыл алышыбыз керек. Мындай кырдаалды жөнгө салуунун бир нече жолу бар. Алардын бири - бак-дарактарды отургузуу, көлмө, дарыяларды тазалоо жана айлана-чөйрөгө тийиштүү маселелер боюнча кабардар болуу", - деп жазган ал интернеттеги баракчасына.

Арт долбоор - суунун тамчысынын образын чагылдырып, жашоонун символу дегенди түшүндүрөт. Муну менен катар эле экологиялык көйгөйлөрдү чечүү азыркы жашоочулардын гана эмес, келечектеги муунга да тиешелүү деген ойду камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан