2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдары таза суу менен камсыз болору айтылды. Бул тууралуу 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев билдирди.
Анын айтымында, стратегиялык план боюнча 2026-жылы бардык айылдар таза суу менен камсыз болушу керек. "Бирок өкмөттүн тапшырмасы менен 2023-жылы бул маселе толугу менен чечилиши зарыл. 5-6 жылда таза суу менен камсыз кылууга шарттар бар. Кыргыз мамлекетинде 1805 айыл болсо 657 айылда суу жок", - деди ал.
Жыйында Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы шаарларын таза суу менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлору каралып жатат. Ратификациядагы насыялык макулдашууларда аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого коротулган каражаттарды 15 жана 25 жылдык мөөнөттө төлөө белгиленген. Макулдашуулардын негизинде, Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8 миллион 500 миң евро жана 2 миллион 75 миң доллар, Майлуу-Суу шаарына 6 миллион 65 миң евро жана 1 миллион 6 миң доллар, Токтогул шаарына 5 миллион 3 миң евро жана 1 миллион доллар, Балыкчыга 5 миллион евро жана 1 миллион доллар өлчөмүндөгү насыялык жана гранттык каражаттар берилет.