"Тез жардам" унаасынын катышуусундагы жол кырсыгында жабыркагандардын абалы оор. Бул тууралуу "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев билдиргенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, медайым Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
"Анын жамбаш сөөктөрү сынып жана башка оор жаракаттарды алган. "Тез жардам" унаасы алып келе жаткан бала да ооруканада, анын абалы да оор. Аларга тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Кырсыктын себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.