БШК Бабановго байланыштуу маселени карамак. Бирок айрым мүчөлөрү сыртка чыгып кеткендиктен жыйын болбой калды

Бүгүн, 20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 14 маселе каралмак. Бирок БШКнын үч мүчөсү жыйынга катышуудан баш тартып отурумдан чыгып кеткендиктен отурум түштөн кийинкиге калтырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык БШК мүчөлөрүнө күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берилгенин айтты. Бирок жыйынга катышып жаткан БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева бүгүн күн тартибине кошумча маселелер кирип калганын айтып, бул тууралуу материалдар менен таанышуу үчүн убакыт сурады. Бирок БШК төрайымы бул тууралуу мурда эскертилгенин айткандан кийин БШК мүчөлөрү Абдрахматова, Арипов, Журабаева отурумдан чыгып кетишти.

Гүлнара Журабаева: "Мага кечээ күн тартиби боюнча 8 маселе карала турганын айтышкан. Бүгүн бир канча маселелер кошулуптур. Ошондуктан мен бул материалдар менен тааныш эмес экендигимди айтып отурумдан чыгып кеттим", - деп SUPER.KG порталына түшүндүрдү.

БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Осмоналиев күн тартибинде бүгүн 15 маселе каралмак экенин айтты. Алардын айрымдары президенттик шайлоого катышып жаткан Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштериндеги нааразычылыктар боюнча болгон.

"Бул жерде Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда болгон окуя боюнча, мындан тышкары талапкер Бабановдун баннеринде сүрөтү чапталган эки жарандын нааразычылыгы боюнча маселелер бар", - деди Осмоналиев.

БШКда Бабановдун маселеси каралбай калды (20.09.17)
БШКда Бабановдун маселеси каралбай калды. (20.09.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Girl1996
2017-09-20 12:35:22
Ачык эле 1500 дон ар бир кишиге берип, голосун сатып алып жатышат.
+1
Girl1996
2017-09-20 12:36:35
Эгер Жээнбеков шайланып калса эч таң калыштуу жери болмок эмес, мен үчүн
+2
Nazar76
2017-09-20 12:50:05
Girl1996,Жеенбеков өз алдынча эч бир чечим чыгара ала турган жана Кыргызстанды башкарала турган толковый адам эмес
+11
Nazar76
2017-09-20 12:44:35
Кыргыз өзбек чек арасы бойунча жазайын дедим эле эмнегедир талкуу жабык түштүктөгү көп жерлерди өзбектер ге берип салыптыр мисалы Ошто өзбектердин жеринде Кыргыздардын айылы бар Барак деген ошону берип жибериптир аша деген
+2
Otuz-Uul
2017-09-20 12:54:58
Ушу БШКанын торайымы ваще жакпайт,иштегендида билбейтда,суйлогонун уксан эптеп эле,тааныш билиштин айынан болуп атат.Ушул айымдын жумуштан алып салса жакшы болмок!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан