Аида Салянова айыптоочулардын 8 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумдун жүрүшүндө айыптоочу тарап депутатка коюлган айыптарды айтып, 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоону соттон суранды.

Отурумдан кийин Салянова журналисттер менен маектешип жатып "шайлоого чейин өкүм чыгаруу аракети болуп жатат" деген пикирин айтты.

"Соттук отурумдарда мыйзам бузуулар көп болду. Биздин келтирген өтүнүчтөрүбүздүн 90 пайызы канааттандырылган жок. Биз жүйөлүү өтүнүчтөрдү келтирип, тергөөдө жасалбаган иштерди жасоого аракет кылдык. Бүгүн прокурорлор мага козголгон кылмыш иши боюнча ойлорун айтышты. 8 жыл сурап, соттук отурумду тез жыйынтыктоо боюнча буйрук берилип, аны аткаруу үчүн чектелүү мөөнөт коюшкан окшойт. Алар буйрукту аткарып, шайлоого чейин өкүмдү чыгаруу аракетин көрүшүүдө", - дейт Салянова.

Сот тараптарга жарыш сөзгө даярданууга мүмкүнчүлүк берди. Отурум бүгүн түштөн кийин саат 14:00дө уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlist
2017-09-20 14:36:34
Сен деле убагында ошонтип буйрукту аткарып келгенсин.Келме кезек терме тезек деген ушу да туурабы мадам.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан