Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"23-сентябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толот. Президенттин жарлыгына ылайык 22-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Мындан сырткары жер-жерлерде, мекеме, уюмдарда түрдүү иш-чаралар өтөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Кыргыз СССРинин Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алган.