Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун кылмыш иши боюнча соттук отурум өтпөй калды

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун кылмыш иши боюнча соттук отурум өтпөй калды. Буга сот Марат Сыдыковдун отурумга келбей калгандыгы себеп болгон. Кийинки соттук отурум 21-сентябрга калтырылды.

Бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр суралмак.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан