Бүгүн, 20-сентябрда эртең менен БШКнын жыйынына катышкан төрт мүчө маалымат жыйынын уюштурду. Жылкычиева Елена, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов, Атыр Абдрахматова БШК уюштурган жыйындын күн тартибине өз билемдик менен өзгөртүүлөр кирип калганынан улам жыйынга катышуудан баш тартышканын айтышты.
“Бизге берилген күн тартиби боюнча бүгүн 5 пункт кошулуптур. Бизге бул материалдар менен таанышуу үчүн кеминде 4-5 саат убакыт талап кылынат. Ошондуктан биз БШКнын ачык жана мыйзамдуу иштешин талап кылабыз. Биз, баарыбыз тең укуктарга ээбиз. Биздин укугубузду эч ким чектей албайт. БШКнын жыйындарына башталарга 15 мүнөт калганда бизди чакырат. Эмне маселе боюнча отурум болору да айтылбайт”, - деди Гүлнара Журабаева.
“Биздин жетекчилик БШК коллегиялдуу орган экенин эске албай жатат. Биздин 12 мүчөнүн ар биринин өзүнүн ою болот. Биздин төртөөбүздүн максатыбыз бардык талапкерлерге, шайлоочуларга бирдей шарт түзүп берүү. БШКны мыйзамдын талаасынан чыкпоого чакырабыз”, - деди Назарали Арипов.
БШК мүчөлөрү бул боюнча маалымат каражаттарына, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Кайрылуу жарандык коом, эл аралык байкоочуларга жиберилери айтылды.