БШКнын мүчөсү: "Өмүрбек Бабановдун Казак президенти менен жолугушканы үгүт мыйзамдарын бузганга жатпайт"

"Өмүрбек Бабановдун Казак президентине жолугушу үгүт мыйзамдарын бузганга жатпайт. Бул жерде мыйзам бузуу жок. Анткени бул жолугушуу өлкө аймагынан башка жакта болуп жатат", - деп билдирди БШКнын мүчөсү Назарали Арипов. Бул тууралуу Арипов бүгүн, 20-сентябрда БШКда өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эске салсак, 19-сентябрда Казак президенти Нурсултан Назарбаев Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов менен жолугуп эки мамлекеттин ортосундагы алакалар тууралуу сүйлөшүшкөнүн Казак президентинин расмий сайты, tengrinews.kz жана башка бир катар маалымат булактары жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан