Жээнбековдун өкүлү БШКдан баннердеги сүрөт боюнча Бабановго эскертүү берүүсүн сурады

Бүгүн, 20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баннеринде дагы бир президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөттөрү талкууланууда.

Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Рашид Бекбасаров мындай сүрөттөр шайлоодо пайдаланылганы үчүн БШКдан талапкер Өмүрбек Бабановго карата эскертүү берүүсүн сурады. "Бул үгүт материалында Тогуз-Торо районунун учурдагы акиминин сүрөтү турат. ӨКМнын министри Бороновдун сүрөтү турат. Талапкер Жээнбековдун сүрөтү турат. Бабановго бул сүрөттөр үчүн эскертүү берилиш керек", - деди Бекбасаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан