АКШнын Вашингтон шаарында Кыргыз жараны вандализмге (көркоолук) шектелип кармалганын New York Daily News басылмасы жазып чыкты. Маалыматта "21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров 18-сентябрда кармалган. Ал Авраам Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн айыпталууда" деп жазылат.
Жергиликтүү полициянын маалыматында, эгер Кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы же 25 миң долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
Бул кабар коомчулук арасында талкууга алынып, студенттин кылыгын сындагандар көп болууда. Айрым интернет колдонуучулар "Да-а, Кыргыз өлкөсү деп ойлоду да. Бизде баарын ар жерге жаза беребиз" дешсе, айрымдары "Бала кезде тоодо жүргөндө атыбызды таштарга кырып жазчу элек. Ошондой ойлоду да" деп жазышууда.
Чынында эле Бишкектеги айрым эстеликтердин жанына барып калсак, андагы ар кандай жазууларга көзүбүз түшөт. Жакшылап караган кишиге эстелик "сүйүү тактасына" айланып калгандай элес калтырат. Бирок АКШдагыдай жазуу үчүн кармалып, жазага тартылгандар жөнүндө уга элекпиз.
Бишкек шаарынын "Тазалык" кызматынын өндүрүү секторунун башчысы Гүлзат Кадыралиеванын айтымында, алардын карамагындагы 50дөй эстелик жылына эки жолу жуулуп турат.
"Биздин кызматка Бишкектеги 50дөй эстелик карайт. Алардын жарымынан көбү Биринчи Май районунда жайгашкан. Кызматкерлер эстеликтерди жылына эки жолу жууп турушат. Кээде мамлекеттик маанидеги майрамдарды утурлай да жуулат. Тургундардын арасында эстеликтерге ар кандай боёк, кеңсе каражаттары менен жазып кеткендер бар. Андай учурларда бир эстеликти жууп-тазалоо беш саатка чейин созулат. Шаар тургундарын эстеликтерге, маданий жайларга аяр мамиле жасоого чакырат элем", - дейт Кадыралиева.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эстеликке жазгандар Кылмыш-жаза кодексинин 235-беренеси (вандализм) боюнча жазага тартылышат.
"Имараттарга же башка курулуш жайларга коомдук адеп-ахлакка одоно шек келтирген уят сөздөрдү жазуу, коомдук транспорттогу же башка коомдук жайлардагы мүлктү бүлүндүргөндөргө эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүз элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же жүз сексен сааттан эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылат. Же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө камакка алынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле ички иштер министрлигинен эстеликтеги жазуулар боюнча арыз менен кайрылгандар дээрлик жокко эсе экенин билдиришти.
Айта кетсек, Бишкекте 379 тарыхый жана маданий эстелик бар. Тарыхый маанидеги эстеликтердин саны - 251. Мамлекеттик маанидеги эстеликтердин саны - 128.