Сочидеги фестивалга катыша турган Кыргыз студентине чет элдик ырчы Ники Минаж каржылык жактан жардам берет

Сочиде өтө турган Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалына катыша турган Акжол Медербековго каржылык жактан америкалык ырчы Ники Минаж жардам көрсөтөт. Бул тууралуу студенттин мугалими интернетке жазган.

Студент ырчыга болгону интернет аркылуу эле жазып, Сочиге барууга керектелүүчү 350 доллар каражатты сураган.

"Ал өзүнүн фандарын аябай жакшы көрөт. Андыктан мен жардам сурап жатканда баш тартат деп такыр ойлогон жокмун. Белгилүү саясатчылар, БУУнун эксперттери чыгармачыл адамдар менен биргеликте учурда фестивалга даярдык жүрүп жатат. Фестивалга дүйнөгө белгилүү саясатчылардан тышкары оратор Ник Вуйчич, Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин катышуусу күтүлүүдө", - деген Медербеков.

"Байлыгы 100 миллион долларды түзгөн боорукер жана бай аялдан акча сураганымда сумманын аздыгы аны таң калтырды. "Макул мен сага жардам берем, бирок бир нерсени билип алайын, сага 350 доллар керекпи же 350 миң долларбы?" - деп сурады. Мен Only $360 деп жаздым", - деген Акжол.

Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин XIX фестивалы 14-октябрдан 22-октябрга чейин өтөт. Ага 150 өлкөдөн 20 миңдей жаштар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Benazir08
2017-09-21 10:04:11
Ушунча болуптур 500$ ле сурабапсын
-3
kg_emilbekov
2017-09-21 11:04:11
Benazir08,ошого да кудайга шугур бербей койсо не болот еле
+4
engel
2017-09-21 10:19:46
Тан калды болуш керек ошол акчаны озунун жакындары же оз олкосу деле таап берип койсо болмок деп
0
Lu4ano
2017-09-21 10:31:19
ооба да аны олкодон деле тапса болмок да кичине болсо да реклама кылды
+2
Nurmat92
2017-09-21 10:59:30
Мага деле сурап берсинчи Ники Минаждан 5000$ машина алып таксиге кирип иштейин
0
AKCAHAT
2017-09-21 13:58:48
350$ болгону учун берди да. Бир тан калып бир ишенбей. 3500 же 350 000 дегенде "эс ал" деп коймок.
0
Mr.enriiko
2017-09-21 14:39:49
3500 десе болмок ошончо болду бермек
0
nur_zhoni
2017-09-21 16:09:58
Кандай Фестиваль болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан