АКШда Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазган Кыргыз жараны үй камагына чыгарылды

АКШда Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазган Кыргыз жараны үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Вашингтондогу элчиликтин кызматкерлери полиция менен байланышып, кармалган студенттин Кыргыз жараны экенин аныкташты. Ал октябрь айынын башында болуучу сотко келүү убадасы менен 19-сентябрь күнү бошотулган. Сот келтирилген чыгымды эки миң доллар деп баалады. Кыргыз жараны элчиликтин кызматкерлерине кылганы үчүн өкүнүп жатканын айткан", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Айта кетсек, АКШдагы New York Daily News басылмасы 21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров Авраам Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн кармалганын жазып чыккан.

Эгер Кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн же 25 миң долларга чейин айып пул төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2017-09-21 10:06:41
атың чыкпаса жер өрттө ошол жер калды эле жазбаган биздин площадагы меморилдарга жазыша берип жер калбай калды ошолго АКШга жазган экенсинда) эми кинодон корсо туугандарын тааныштарын оо Нуртилек жазган эстеликго дешет Линкольн дебей
+10
jarkyn_jakta_jasha
2017-09-21 12:20:41
aerforce,жардын ))))
0
Gsuita
2017-09-21 15:30:10
aerforce,ооба, туугандары эле эмес,көпчүлүгү ошентип айтат эми.
0
Ak_Bulut
2017-09-21 10:14:30
Туй ата ушун үчүн ушунча соттолобу, эскертүү менен кечирип коюшса экен. 10 жыл деген эмнеси
-10
madina.87
2017-09-21 10:41:34
Колун кытышып атса ,башка жагынды тырмабайсынбы!?
Кайсы мээн менен жаздын экен ээ?
2000$мен бир матиз алып минмекмин.
+4
ekaterinburg
2017-09-21 10:45:32
Мына закондун иштегени.Жазып койгон учун он жылга жаштыктын доорун корбой!Бизде мамлекеттин акчасын миллиондоп жесен да эн кобу сегиз жылга кетет!
+3
Makain
2017-09-21 12:31:34
Жапайы торпок. Ал Сага Кыргызстан эмес жазгыдай
+7
Real1988
2017-09-21 14:32:23
Эми....... ХХХХ жур ука
+1
scorp
2017-09-21 20:10:17
Тангору))) кыргыздын кылбаганы жок)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан