Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун карайт. Мындан улам депутат Нурланбек Макеев бүгүн бейшемби күнү күн тартибиндеги ар кандай маселелерди кароону башка күнгө калтырууну суранды.
"Биз бүгүн чек ара маселесин кечке чейин карап жетишип калышыбыз керек. Ошондуктан күн тартибиндеги ар кандай маселелерди алып коюуңузду суранам", - деди депутат.
Нурлан Макеевдин сунушун депутаттар колдошту.