БШК Бабановдон Жээнбеков менен Бороновдун сүрөтү пайдаланылган баннерди алып салууну сунуш кылды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдон дагы бир президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чагылдырылган сүрөт жайгаштырылган баннерди алып салууну сунуш кылды. Тиешелүү чечим БШКнын 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.

БШКнын отурумунда президенттикке талапкер Бабановдун үгүт баннеринде дагы бир президенттикке талапкер Жээнбековдун жана өзгөчө кырдаалдар министри Бороновдун сүрөттөрү пайдаланылганы айтылган. Жээнбековдун өкүлү Бабанов жогорудагы сүрөттү жайгаштырууда алар тараптан уруксат суралбаганын айтты. БШК бул боюнча маселени карап чыгып, талапкер Бабановго эскертүү кылды. Мындай чечимге 8 мүчө "макул" деп, калган төрт мүчөсү бул маселеге "каршы" добуш берди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
engel
2017-09-21 10:16:21
Хи хи Жээнбеков уже корко баштады окшойт атаандашынан ар кандай шылтоо таба баштады. Шайлоого жакын калганда Бабановду четтетип койсо деле тан калбайм!
+19
kyrgyz.kg83
2017-09-21 10:21:45
engel,Жеенбековко барибир болсо керек женилседа,корккон адам болок, ХХХХ еле болуп журотко агитация башталгандан бери
+6
Patriot7
2017-09-21 10:27:51
Бабановдун мамлекеттик кызматкерлерди угут кампаниясында колдонгону туура эмес, бул Бабановдун да, баннерге уруксат берген БШКнын да куноосу!!!

Ал эми дин кызматкери/аалымы менен жогорку мамлекеттик кызматкер - вице-премьер-министр угут кампаниясына тарылганы учун эки адамды кылмыш жообуна тартып, БШК Сооронбай Жээнбековду шайлоодон четиетип, талапкерлик укугунан ажыратуу керек жана аны биз, Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамга таянып талап кылабыз!!!!!
+10
arawan
2017-09-21 10:47:20
министр мугалимдер угут жургузуп журот ачык буга бшк коз жумат 8 мучосу сдпк бир бол кыргызстан партияларынын жалданма адамдары да жээнбеков отсо тан калбайм бирок арты жакшы болбойт азыр сокур адамда коруп турат эл кимди колдоп жатканын кайсы бир жылы козу ачык аял айткан экен кыргызга бетинде калы бар адам президент болот ошондо жашоо кыйла онолот деп ошол убак келди
+4
Patriot7
2017-09-21 10:57:38
arawan, эми ошондо Бабановду айта албай жатасынбы?!! Козу ачыктарга ишенген сен да .... экенсин, ширк кылган.....
+2
Azatbek83
2017-09-21 13:38:43
arawan,жомок аркылуу айтайын депсин да озунда коз ачык окшойсун биротоло зима не будет дегендей шайлоо не будет деп койбопсун.Коз ачыктарга ишенбе!Андан коро жаратканга ишен.
+2
Batma08
2017-09-21 11:06:29
Ха ха хаа бетинде калы бар ким болду экен
+3
RusMos76
2017-09-21 11:07:11
БШК сунуштап отуруп Бабановду дагы четтеткиси бар шайлоодон!
0
brigad4Kuba
2017-09-21 11:09:40
Койгула антип айтпагыла калы бар деп баардыгы кал коюп калыбай болуп кетишпесин
+8
adimyrza
2017-09-21 11:11:19
Мугалимдерге ачык эле айтып жатыптыр билим министирлиги иштейм десен жеенбековду колдойсун деп даныйлары 15кун мурун эле кетиптир силер уже шайлап буттунор дептир аялым мугалим Ноокен районунан
+15
Patriot7
2017-09-21 13:39:08
adimyrza, ишенбегиле!!! Бул бийликтин айла кеткендеги амалы, опузасы!!! Шайлоо куну сен каалаган адамга добуш бере аласын, аны эч ким билбейт!!!

Кимге добуш беришин чечилди деп кулакка "лапша" илип жатышат, ишенбегиле, алданбагыла!!!
+4
GULZAT.83
2017-09-21 11:44:29
Мугалимдерди окматтагиларды кысып ататкен ишикылса государственный иште иштегендерди полный данныйларын алып койду Жеенбековду шайлайсынар деп
+6
kyrgyz-patriotu
2017-09-21 13:18:58
GULZAT.83, Урматтуу мекендеш сураныч кыргызча эле жазсаныз жакшы болмок. Тилди бурмалап жатасыз, ансыз деле тилибиз аксап жаткан кези.
+3
arno2008
2017-09-21 16:17:21
Жумурткадан кыр издеп Бабановту жок кылып,Жээнбеков келет.
+3
Kemel29101981
2017-09-22 01:14:14
Ак ит кара ит,баары бир ит. Татыктуусу жок арасында.
+1
Soni130587
2017-09-22 01:40:32
Жээнбеков алдыга
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан