Ноокат шаарында жергиликтүү кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоо болуп өттү

26-майда Ош облусунун Ноокат шаарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо болуп өттү. Ноокат шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Абдырахман Гапаровдун айтымында, шайлоонун жыйынтыгы менен КСДП партиясы 9 мандат, “Республика” партиясы 5, “Замандаш-Современник” 4, “Ата Мекен” партиясы 3 мандат алды.  “Шайлоо таза өттү, эч кандай мыйзам бузуу катталган жок”,- деди Гапаров. Эскерте кетсек, Ноокат шаардык кеңеши эки жолу мэр шайлай албай калып, андан соң таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан