Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жайгашкан соода күркөлөрү алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз орнотулган күркөлөр эч кандай уруксаты жок, өз билемдик менен орнотулуп соодагерлер ишмердүүлүк кылып келишкен. Соода күркөлөрүнүн ээлерине буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы жана Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз соода курулуштарды бузуу, жерди бошотуу талабы коюлган. Бирок талаптар аткарылган эмес.
"Райондук прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда соода жайлары буздурулду. Учурда бошотулган жер тилкелерин иретке келтирип, тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.