Жогорку Кеңеш Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча маселени премьер-министрдин катышуусунда жабык эшик артында карап жатат

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу маселени жабык эшик артында карап жатат.

Күн тартибиндеги чек ара маселеси боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда. Төрага комитеттердин чечиминде маселе жабык форматта каралышы керек экендиги белгиленгенин айтып, добуш берүү менен маселе журналисттердин катышуусуз өтмөй болду.

Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда парламентте Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо маселесин кароо артка жылдырылган. Буга жыйында 20га жакын депутат эле отурганы себеп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай ратификациялык долбоорду кароого 80ден ашык депутат катышышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан