Жогорку Кеңеште КСДП менен "Республика-Ата Журттун" депутаттары кайым айтышты

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДП жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан депутаттар кайым айтышты. Депутат Мирлан Жээнчороев өкмөт мүчөлөрүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн "үгүт ишине кийлигишип жатат" деп айыптагандан кийин эки фракция өз чындыгын айтышты.

"Бүгүн шайлоонун алдында жер-жерлерде административдик ресурс абдан катуу колдонулуп жатат. Мисалы, кечээ кечинде талапкер Өмүрбек Бабановду мамлекеттик телеканалдан түздөн түз каралоо болду. Буга укук коргоо органдары, БШК юридикалык баа бериши керек. Административдик ресурс кечээ эле Өзгөндө, Алайда катуу колдонулду. Президент айтпадыбы таза шайлоону өткөрөлү деп. Урматтуу депутаттар, урматтуу кыргыз эли, "Таза коом" таза шайлоодон башталат", - деди депутат Жээнчороев.

КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов Жээнчороевге жооп кылды.

"Ушул шайлоонун алдына келгенде эле бирөөлөр административдик ресурс деп жатышат. Мен Кадамжайдын, Баткендин акимдерин көрүп жатам. Кайсы жерде кандай болуп жатат? Элдин арасында "бир партиянын мүчөлөрү үч миң сом бөлчү, бүгүн 100 долларга чыкты" деген сөздөр айтылып жатат. Муну Атамбаев же Жээнбеков жасадыбы? Башкалар жөнүндө сөз болуп жатат. Таза шайлоо 15-октябрда урнанын алдына барганда билинет", - деди Мадеминов.

Мындан тышкары КСДПчы депутаттар Айзада Касымалиева менен Улан Примов Өзгөн жана Алайдагы жолугушууларга катышканын айтып, аймактарда административдик ресурс колдонулгандыгы боюнча бир да арыз, даттануу жок экенин, бул негизсиз каралоо экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kanat.tls
2017-09-21 14:04:03
Шайлоо деген шайтандын оюну дегенге эми ишене баштадым.
+2
arawan
2017-09-21 15:14:51
сдпкнын кол депутаттары да баягы эле ошол эле нтс телеканалы жээнбековду жамандап корсотуп койсунчу бир заматта сотко берип жаап салганга чейин барышат жанагы эрке бала кайда журот исаков деген премьер болуп же ал да угут ишинде журобу
+2
Patriot7
2017-09-21 15:16:58
СДПКчылар Кудайдан коркпой жанын жей башташты... Интернетке кирсен ошончо даттануу... Арыз жазганда эмне, баары бир пайдасы жок...

Аида Касымалиева таза адам дединер эле, анын да башка СДПКчылардан эч айырмасы жок экен, кара карганы аппак деп элди ишендиргиси келет Кудайдан коркпой жанын жеп......
+4
PROS
2017-09-21 15:56:38
Арыз түшкөн жок??? Кимге арызданат эле? Сот, прокуратура, БШКнын баары сдпкга кызмат кылып жатса!
+5
muslim87
2017-09-21 16:36:13
Булар кырыла беришсин бирин бири жамандап бириникин бири чукуп. Талапкерлердин ичинен татыктуусу Мадумаров деп ойлойм жана ошого добуш берүүгө чакырам.
+3
Tailgate
2017-09-21 16:37:31
Жээнчороев бирди коргону калдыбы деймда бул суйлошундо
0
altyn7776
2017-09-21 22:42:34
жээнчороев эч нерсе корбойт. КСДП жалганды апыртып айтуу жагынан эч кимди алдына салбайт, мындай партиянын куну копко узабайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан