Паспорт алуу үчүн документ тапшыруу онлайн режимге өткөрүлгөнүнө байланыштуу жарандык паспортторду берүүнүн мөөнөтү кечикти. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.
"Ушул жылдын 2-майында паспорт алуу үчүн документ тапшыруу онлайн режимге өткөрүлгөн. Ага байланыштуу жана президенттик шайлоого карата ID-карта алууну көздөгөндөр көп болуп кеткен. Өткөн жылга караганда быйыл 8 айда эле 63 миңге көп адам паспорт алуу үчүн документ тапшырышкан. Бирок ID-картаны шашылыш алууну каалагандар өз убагында эле алышты, болгону жарандык паспортторду даярдап берүү август айында бир жолу мөөнөтүнөн кечигип калды. Учурда бул маселе чечилди, август айында мөөнөтүнөн кечиктирилген паспорттор ээлерине берилди", - деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчылыгы.