Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев административдик ресурс колдонулуп жатканын айтып, мамлекеттик кызматкерлерди мыйзам бузбоого чакырды.
"Мен суранат элем, сын-пикирди татыктуу кабыл алыш керек. Мен ачык эле айтам, ушул жерде отурган акимдер, баарыңар азыр бир талапкерге кызмат кылып жатасыңар. Эмне жашырасыңар аны, бул үйрөнгөн адат да. Актанбаш керек, бирок мыйзамды бузбаш керек. Мен чыкпайт элем, унчукпайт элем, мени "мыйзамсыз 36 миң добуштан 30 миңин жокко чыгарып бир инструкцияга кагазды туура эмес жасадың" деп шылтоолоп алып койгон. Бул өзүңөрдүн талапкерге жол бошотуу деген сөз да. Мен эки тарапка кайрылат элем, акча менен да, күч менен да эч качан бийлик узак отурбайт", - деди Масалиев.