Бүгүн, 21-сентябрда Жабык имараттагы V Азия оюндарында бильярдын "динамикалуу пирамида" түрү боюнча мелдеште Дастан Лепшаков атаандашына жеңилип калды. Ал түркмөнстандык Камалиддин Бабаев менен беттешип, ага 5:2 эсебинде утулду.
Буга чейин, 19-сентябрда Дастан Лепшаков бильярдын "эркин пирамида" түрүнөн филиппиндик атаандашы Франсиско Бустамантени 5:1 эсебинде жеңген. Бирок экинчи атаандашы казакстандык Ернар Чимбаевге 5:1 эсебинде жеңилип калган.