SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жездем эжеме тийише берет экен..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы автордун билдирүүсү:
"Өткөндө эжемдин үйүнө барып алар менен чогуу бир жума жашап калдым. Анан жездем ары өтүп, бери өтүп эжеме тийише берет экен. Бир туруп жамбашка чаап кетип, бирде болсо бекем кучактап коё бербей, эжем да ага көнүп калыптыр, "кой" дегендин ордуна күлүп коёт. Анан сурасам "ооба, бул ушинте берет" дейт. Силерде дагы ушундай болобу же андай эмеспи?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Аялына тийишпегенде кимге тийишмек эле деген ой келет экен. Бирок үйдө бирөө-жарым бар убакта өзүн бир аз кармабаса, минтип жайылып кетет да үй-бүлөдөгү сыр".
"Эжеңе тийишпей сага тийишсинби анан?"
"Жездеси эжесине тийишсе сиңдисине ыңгайсыз болгон го. Тийишкенин көрүп сүйүнүү керек. Урушуп талашып, мушташканын көрсөң эмне болот эле? Сага жакпаса эжеңе жагат да".
"Бирок бир жагынан карасаң, балдызынын алдында жамбашка чаап кетсе, кучактап кетсе туура эмес го. Автор өзүң да желмогуздай болуп бир жума жүрө бербе да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.