Америкалык киноактриса Мэгги Грейс 1983-жылы 21-сентябрда АКШнын Уортингтон штатында туулган. Анын үй-бүлөсү зер буюмдарын сатуу менен бизнес жасап келген. Грейс Уортингтондогу христиандардын мектебинде 9-класска чейин окуган. Ал мектепте окуган кезинде театрда ойной баштаган. Мэгги 16 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Ошол жылы ал апасы менен Лос-Анжелеске кетүү үчүн мектепти таштоого аргасыз болгон. Анын Иэн деген иниси жана Марисса аттуу сиңдиси атасы менен жашоо үчүн Уортингтон штатында калышкан.
Мэгги Лос-Анжелесте жашап жүрүп, актёрлук чеберчилик курсуна жазылып, катышып баштаган. Ал алгачкы жолу 2001-жылы сериалда роль ойноп тасмага тартылган. Кийин ал экинчи баскычтагы бир нече ролдорду ойноп фильмге тартылган.
Мегги 2004-жылы "Тирүү калуу" аталышындагы тасмага тартылган. Актриса "Учуу сабагы", "Барымтадагы аял", "Туман", "Октон ылдам" аталыштагы ондогон кинолорго тартылып, башкы ролдордо образ жараткан. Кезегинде белгилүү актёр Том Круз, Камерон Диас менен чогуу башкы ролдо ойногон. Бул тасмалар ага ийгилик алып келип бүтүндөй кино сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган.
Мэгги Грейс 2017-жылдын 28-май күнү ишкер Брент Башнеллге турмушка чыккан. Алар үйлөнүү тойго чейин жолугуп жүрүшкөн.
21-сентябрга карата жылнаама.