Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Дональд Трамптын сөзүн "иттин үргөнүнө" теңеди

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо АКШнын президенти Дональд Трамптын БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн “иттин үргөнүнө” салыштырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Түндүк Кореянын ТИМ башчысы Нью-Йоркто БУУнун башкы кеңсесинин жанындагы мейманкананын алдында журналисттерге маек берип жатып: “Ит үрсө дагы парад улана берет” деген корей макалын эске салды. “Эгер (Трамп) иттин үргөнү менен таң калтыргысы келсе, ал кыялданыптыр”, - деди дипломат.

Буга чейин БУУнун башкы ассамблеясында Дональд Трамп эгер Түндүк Корея АКШга коркутуу көрсөтсө, АКШнын бул азиялык өлкөнү толугу менен жок кылууга кудурети жетерин эскерткен.

Айта кетсек, Пхеньян 3-сентябрда бул жыл ичиндеги алтынчы жана эң кубаттуу өзөктүк сыноосун өткөргөн. Эки баллистикалык ракетасы Япониянын үстүнөн учкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aerforce
2017-09-22 08:45:57
ит үрөө берет кербен жүрө берет деп кыргызча макалды айтыптырда корейлерда ушул кыргыздардан таркаганго чамасы
+19
keba300989
2017-09-22 09:08:13
Кудай сактасынго булар согуш болушун каалап турат кантип согуш башташтын жолун изденип атышат.
+8
33SUUN
2017-09-22 10:50:29
Жанагы Дынкыга жакшы корунуш учун суйлоп койгонго бул корей.АКШ бир ракетасын учурганда бул корейлер суурлардын ийиндерине кире качышат.Акыбалына карап суйлобойт экенда булар.
+2
AKCAHAT
2017-09-22 11:52:02
Ушу Пхеньяндын президенти жок эле болуп кетпеди, атасы дагы озу дагы корейлердин шоруна жаралган бир чон балекет болушту, эми кычынып эмнени баштаганы турат булар ишенгени Кытай мн Кремль ышкырганы тим эле Алясканын айсбергдерин жарат
+8
FIFA17
2017-09-22 11:58:55
Тун Корея акшынын чмосун эле чыгарып жататко адам ордунда көрбөй).
+2
AKCAHAT
2017-09-22 15:28:59
FIFA17, олгусу келген эчки койчумандын таягына суйконоттон болуп атышат. Дуйно мн алышып аткан Америка ошол Тундук Кореяны аяп калат беле. Америка аларга жанын кыйнап олтурбайт Япония мн Туштук Кореяны алакушшш десе болду. Бирок анда ото чон коркунуч жаралышы толук мумкун, 3 дуйнолук согуш. Ошондуктан тайрандап атат корейлер, тролит этип)))
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-22 12:18:45
Башкасы болсо да согуш болбосун. Бей куноо адамдар олбосун
+5
afina66
2017-09-22 14:38:38
Корея алына карап суйлосо болмок Акшнын бир жиберилген ядерный бомбасына туруштук бералбай жок болорун билбейт окшойт
0
Best.bakyt
2017-09-22 17:37:12
afina66,Тундук Корея силер ойлогондой алсыз олко эмес. Буларда ото коркунучтуу ракеталар бар. АКШнын ар бир шаарын каратылган. АКШ согуш ача турган болсо Америка учун бул женил желпи согуш боло койбойт. АКШ алы келбей бут дуйного уят болупкалышы да мумкун.
0
Jyrgal_msk
2017-09-22 19:46:24
Best.bakyt,Туура
0
PROS
2017-09-22 20:02:39
afina66,билбесең билип ал, Түндүк Корея АКШга баш ийбеген жалгыз мамлекет. АКШныкындай күчтүү болбосо да өзүнө жараша ядролук ракетасы бар, ошон үчүн АКШ Россия менен Кытайдан жардам сурап жатат, чара көргүлө деп. А Түндүк Корея ансайын шылдыңдап жатат. Ядролук ракетасы жок болгондо Ирак, Ливияга окшотуп эчак талкаламак АКШ.
0
alikgz
2017-09-24 11:56:12
Тундук корея Азаматсын....
0
Esenali
2017-09-22 20:00:21
Эн туура тундук Корея корпкой ушул создорду айтып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан