Дүйнөдөгү эң бай аял Лилиан Беттанкур 95 жаш курагында каза болду

Кечээ, 21-сентябрь күнү дүйнөдөгү эң бай аял Лилиан Беттанкурдун дүйнө салганын "AFP" агенттиги туугандарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Бул маалыматты "L'Oreal" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Жан-Поль Агон да тастыктаган. Бирок Лилиан Беттанкурдун эмнеден улам каза болгонун айткан эмес.

Айта кетсек, Лилиан Беттанкур 1922-жылы 21-октябрда Париж шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 15 жашынан тарта атасы негиздеген косметика чыгарган "L'Oreal" компаниясында флакондорго товардык белги чаптап иштеп баштаган. 1957-жылы атасынын өлүмүнөн соң "L'Oreal" компаниясына ээлик кылып, анын башкы акционери болуп калган.

"Forbes" журналы Лилиан Беттанкурдун байлыгын 44,6 миллиард долларга баалаган. Муну менен ал дүйнөдөгү эң бай аялдардын сап башында турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2017-09-22 09:03:48
карылыктан олдуда 95жаш жакшы жашко көз барда келет тууганын көз жумулуп кеткен соң көрунбөй калат жыйганын баш барда келет тууганын баш жаздыктан тайган соң баары калат жыйганың деп бекер айтылбаганда жаткан жери жайлуу болсун
+13
datkayimjan
2017-09-22 09:49:44
Эмнеден олгону белгисиз деп адамды ойлондурдунар го.
+10
AKCAHAT
2017-09-22 11:48:26
95 чыгып олсо карылыктан олот да))
+5
Yiman97
2017-09-22 17:49:50
Кит минсен дале олосун жип минсен дале олосун баарыбыз олобуз байда кембагалда олум даамын тартат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан