ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуров 37 жашка толду

Данияр Аттокуров 1980-жылы 22-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Орусиянын борбору Москва шаарындагы эл аралык университетинин "бизнес жана маалымат технологиялары" адистигин бүтүргөн.

Хоббиси - китеп окуу, футбол ойноо жана сууда сүзүү.

Ал парламенттеги демилгелүү депутаттардын бири жана жаш саясатчы катары белгилүү.

Данияр Аттокуров эмгек жолун партиядан баштап, КСДПнын штаб жетекчиси, партиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон. 2015-жылдын октябрь айында — КСДП саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Жаш депутат адамдар менен жакшы тил табыша билгенин, бул өзүндөгү мыкты сапат экенин айткан жайы бар.

"Бир топ убакыттан бери эл менен тыгыз иштешип келе жатам. Аймактарды кыдырып, жолугушууларды, жыйындарды уюштуруу менен алектенем. Негизи, ар бир киши менен тил табышуу – өзүнчө өнөр. Бирөөнүн тилин таап ишенимине кирмейин иш илгерилебейт. Ошондуктан жарандар менен туура мамиле куруу абдан маанилүү. Кесиптештерим мени “абдан токтоосуң, дипломатиялык шыгың бар” дешет. Менимче, ийгилигимдин сыры ушунда", - дейт ал.

Москва шаарынан билим алган жаш саясатчы "Чет өлкөдөн тажрыйба алган жаштар мамлекетибизге салым кошушу керек" дейт.

"Көрүп турганыбыздай, заман абдан тездик менен өзгөрүүдө. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, ар бир адам өз ишин мыкты билиши кажет. Андыктан жаштарга “кесипти туура тандагыла” деп кеңеш айтар элем. Жаштарда мүмкүнчүлүк көп, тил үйрөнүп чет мамлекеттерге чыгып, жаңы тажрыйбаларды үйрөнүп келип мамлекетибизге салымын кошсо жакшы болмок. Чет мамлекетке канчалык көп чыксаң, өлкөлөрдү бири-бирине салыштыруулар ошончолук көп болот. Сауд Арабия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү көрүп “Бишкек да ушундай кооз, таза болсо” деп абдан ичим ачышат", - дейт депутат.

Данияр Аттокуров хирург болууну кыялданып, бизнес жана маалымат технологиялары боюнча адистикке ээ болуп саясатка келип калган.

"Кичинекейимде негедир хирург болгум келчү. Мектепте дил баян жазганда да ушул кесип жөнүндө көп жазчумун. Апам “сен абдан боорукерсиң, адамдын көңүлүн калтырбайсың” деп көп айтат. Бирок хирург же дарыгер болбой калдым. Жогорку окуу жайга тапшырар мезгилде атам менен акылдаштым. “Эже-агаларың дарыгерлер, сен башка кесипти карап көрбөйсүңбү” деген сунушун айткан. Ошентип бизнес жана маалымат технологиялары боюнча Москва эл аралык университетинин Кыргыз Республикасындагы филиалына тапшыргам", - дейт ал.

Студент кезинде саясатка болгон кызыгуусу ойгонгон Данияр Аттокуров "Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн курч сөздөрүн угуп, аны колдой баштадым" дейт.

"2000-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Шаршенович ат салышып, аймактарда жергиликтүү тургундар менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн. Ошондо анын ошол кездеги президент Аскар Акаевге каршы сүйлөгөн курч сөздөрүн угуп, аны колдой баштадым. Партиянын иш-чараларына активдүү катышып жүрдүм, бара-бара партиянын уюштуруу иштерине аралашууга өттүм. 2005-жылдын 24-мартындагы революцияга да катышкам. Жылдан-жылга кызматтык тепкич менен көтөрүлүп отуруп, 2012-жылдан кийин партиянын республикалык штабын жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болдум", - дейт Аттокуров.

22-сентябрдын жылнаамасы








РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbekasr
2017-09-22 19:30:08
Менин деле туулган күнүм жазып койсоңор жакшы болмок 46 толдум.
+3
Patriot7
2017-09-22 20:16:16
Депутаттар аман эле болсун да, баарына Тынар таамай лакап койгон.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан