СУПЕРСТАН: "Бир күндө канча сааттык уйку жетиштүү?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бир күндө канча сааттык уйку жетиштүү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мага толугу менен 8 саат жетиштүү. Андан көп же аз уктасам маанайым кечке чөгүңкү болуп жүрөм".

"Ал менин каалоомо жараша болот. Жумуш күндөрү 5-6 сааттык уйку жетиштүү. Апта аягында таңкы саат 4-5терде уктайм же китеп окуйм, же алып койгон тасмаларды көрөм. Табиятымдан эле сергекмин, мисалы, таңкы саат жетиде будильниктен 5 мүнөт мурун ойгонуп, аны өчүрүп коём. Анткени мага апамдын ойготкону жагат".

"Негизи уйкучумун. Эртең менен жумушка барыш керек болгон үчүн эле турам. Кечкисин эрте жаттым дегенде 11-12де керебетиме жетем дагы бир нерселерди ойлоп жатып түнкү саат бирден өтүп кетет. Кээде 3-4кө чейин уктабай жата берген күндөр да болгон. Орто эсеп менен күнүнө 5-6 саат уктайт экенмин".

"Мен накта уйкучумун, кээде түнү бою китеп окуп же интернетте отуруп, кино көрүп, көнүгүүлөрдү жасап, таңкы төрткө чейин отура берем. Анан эртең менен эрте саат 7:00дө турушум керек болсо, кыйналбай эле турам, болгону көздөрүм шишип калат. Мага 5 же 6 сааттык уйку жетиштүү деп эсептейм. Дем алыш күнү анан баарын чыгарам, ал күндөрү тоголонуп саат 10го чейин уктайм. Биосаатым жума күнгө чейин сонун иштейт, андан кийин "отказ" берет".

"Эң көп 72 саат уктагам, акырында мектептен балдар келип ойготушуп анан сабакка алып кетишкен. Негизинен 10 саат уктасам уйкум ачылат, болбосо кээде 2 саат уктап алып деле сергек болуп 2-3 сутка уктабай жүрө берем. Кезинде 10 күн күнүнө 1 же 2 сааттан гана уктап калган учурда жогорку активдүүлүктө жүргөн учурларым деле болгон. Азыр да ошондой элемин, болгону кез-кезде ошондой адреналин самап калган учурларымда пайда болот. Балким, мен врачка көрүнүшүм керектир, анткени менин уйкум түшүнүксүз, чаташкан".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kubinis
2017-09-22 16:06:36
Китеп окуйм дегендерге ишенбей калдыкго азыр) Уйкунун душманы интернет азыр!
+8
nemo2016
2017-09-22 17:07:15
Kubinis,китепти тушундо окуйт
+3
sharolli
2017-09-22 16:26:25
72 саат турбай уктаса охооо эркек экенсинго
+4
Batma08
2017-09-22 18:08:13
sharolli,кантип эле 72 саат. Мен ИШЕНБЕДИМ .
+1
arzygulR
2017-09-23 04:00:30
Batma08,3 сутка болот андайлар
0
Lion.
2017-09-22 19:36:11
72 саат деген неме өрдөктү учуруп коюптурго... табарсыгы толгондо деле 12 саатта туруш керек баары бир.))
+2
altyn7776
2017-09-22 23:57:00
8 саттык уйку норм
0
Azatbek83
2017-09-23 02:12:08
Мен кундузу уктабайм кундузу уктагандарды жактырбаймын.Мага тункусун 4 саат уйку жетет.Уктагандын ордуна бир керектуу нерсе жасап алайлык уктай турган убак келет ал олгондо омур бойу уктайбыз.72 саат ал жомок!
0
patrol-kg
2017-09-23 14:46:51
Мени бироо тур дебесе 19,20 саат уктай берем.
0
Abdullatif
2017-09-23 14:48:51
Мен жумуш куну кеч турам,а эс алуу куну кашайып тан атпай 9 да туруп алам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан