Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ош жана Жала-Абад облустарын кыдырат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.
Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коюла турган спектаклдердин тизмеси:
- 11-май - Ж.Садыков “Төлгө” спектакли
- 12-май - Ч.Айтматов “Саманчынын жолу”
- 13-май - Ж.Садыков “Эр Төштүк”
- 14-май- А.Чехов “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы”
- 15-май Ш.Башбеков “Темир аял”
Маалыматка ылайык, спектаклдер саат 18:30да башталат.
Андан соң гастролдор Жалал-Абад облусунда жана Алай районунда уланат.