6-16-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Ачык Ысык-Көл” фестивалынын алкагында өлкөдөгү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт. Иш-чарада сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрсөтүү менен жайкы мода көргөзмөсү жана чач тарач боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Көргөзмөнүн жүрүшүндө Пржевальск, Семенов капчыгайларына жана тарыхый маданий жайларга саякат уюштурулат. Көргөзмө атайын концерттин коштоосунда өтөт.