Бүгүн, 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерине карата түшкөн арыз кайрылууларды карады. Буга чейин интернетке дин аалымы Чубак Жалилов үгүт иштерине катышты делген видеоматериалдар тарап, социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан. Бул боюнча БШКга талапкер Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана активист Адил Турдукулов тарабынан арыз түшкөн.
“Мыйзамда дин өкүлдөрү, дин кызматкерлери, диний уюмдун мүчөлөрү шайлоо иштерине кийлигишүүсүнө болбойт. Дин иштери менен мамлекеттик иштер эки башка болушу керек. Ошондуктан бул жерде мыйзам бузуу бар”, - деди Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков.
Ал эми талапкер Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Чубак Жалилов башка талапкер тарабынан уюштурулган жыйынга барганын, талапкер Жээнбеков тарабынан мыйзам бузуу болбогонун айтты.
“Бул жолугушуу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылында Камчыбек Ташиевдин атасынын үйүндө болгон. Жолугушуу талапкер Камчыбек Ташиевдин үгүт кампаниясы тарабынан уюштурулуп, Сооронбай Жээнбеков ал жерге конок катары катышкан. Ошондуктан бул жерде мыйзам бузулса, Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү менен тактооңуздар керек”, - деди Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева.