SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Транспортто баратканда көңүл айланып кыйналасызбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ушул нерсенин айынан ар дайым жеңил унаа менен жүргөнгө туура келет, анда да сөзсүз дары ичем. Кээде дары ичип, жеңил унаага түшсөм да кусуп салам. Маршруттук такси менен бир аялдама да бара албайм. Унаага түшкөндөн кийин өзүмдү 4-5 саат начар сезип калам. Эмне кылсам калат деп ойлонуп жүрөм, ушунун айынан көп жерге да бара албай жүрөм".
"Мен да ушундай болчумун, бирок бара-бара азайды. Мага жардам берген ыкмаларды айта кетейин: жолго чыгардан 1 саат мурун тамактаныңыз; ачуу татымалдарын көп колдонуңуз; колуңузга муздак таш же муз кармап алыңыз; ар дайым шамал жерде отуруңуз. Сизге да жардамы тиет деп ойлойм".
"Мындай нерсе баарыбызда бар окшойт. Мен да ошондой болом. Үйгө баргандан кийин сөзсүз башым ооруп жатып калам. Жүрөгүм аябай айланып, бетим бозоруп кетет".
"Маршрут же таксиге айла жок түшөт элем, жетер жериме аз калганда түшүп калып, ары жөө кетчүмүн Атырды көп себингендердин да жанында отура албайм. Жигиттер менен сүйлөшүп жүргөн убактарда да унаасы барлар менен анча мамиле жок болчу".
"Кичинемде унаага түшүп бир аз жүргөндөн кийин эле кусчумун. Дайыма жанымда баштык жүрчү. Бара-бара калды. Кудайга шүгүр, азыр андай деле кыйналбайм. Жолго чыгардын алдында майлуу тамак жебөө керек, көп да тоюп албоо керек, ачкарын чыкса да болбойт. Мүмкүн болушунча жеңилирээк тамак, жашылча жеп алганы жакшы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.