СУПЕРСТАН: "Үйдө чогуу тамак ичип отурсаңар балаңар келип кызы менен өбүшкөнүн айтып турса жакшыбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлөдө секс, өбүшүү жана башка ушул сыяктуу суроолорду сүйлөшсө болобу?" деген темада автор колдонуучуларга: "Кыргыз элинин менталитетинде ата-эне балдары менен бирге жыныстык катнаш, өбүшүү тууралуу сүйлөшүү уятка жатат эмеспи. Мисалы, АКШ, Германия, Франция жана башка өлкөлөрдө ата-энелери балдарына жыныстык катнаш, өбүшүүнүн эрежелери, бала менен кыздын жетилгени, кыздардын этек кири жөнүндө чогуу эле сүйлөшөт. Жадакалса презервативсиз кошулбагыла дешет. А бизде андай көрүнүш жок. Мүмкүн биз да ачык сүйлөшсөк кандай болот? Оюңуздарды жазып койсоңуздар", - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ар бир элдин, улуттун маданияты, менталитети болот эмеспи. Бул кыргыз эли үчүн жат нерсе. Өзүң эми элестет, буюрса, келечекте эне болосуң. Баарыңар чогуу тамак ичип отурсаңар балаңар келип "ата, менде презерватив алганга акча жок эле" деп турса. Кызың келип жигити менен өбүшкөнүн айтып турса. "Эсиң барда этегинди жап" дейт".

"Мусулмандар качан эле ушул жөнүндө ачык сүйлөшчү эле үйүндө? Элестет, "балам кызга барганда сен мындай же болбосо кызым, жигитиң менен жатканда тигиндей кылгын" деп айтмак беле? Каяктагы балээни жазасыңар да. Мусулманчылыкка жатпайт да андайлар, мейли, апасы кызынын кулагына айтса жарашат".

"Ата-эне дегенде атасы кызына үйрөтмөк беле, ошол эми кандай болсун. Бул эненин ролу эне кыздын эң биринчи жана эң жакын кеңешчиси болушу керек. А ата деген баласына, үйрөткөндө да тим эле жыныстык катнашты эмес, кыздарга кандай мамиле кылууну, аялзатын сыйлоону жана башка алда канча маанилүү нерселерди үйрөтүү керек".

"Үй-бүлөдө болобу билбейм, жеке өзүм үчүн жооп бере турган болсом, эч качан муну кыла албайм. Ата-эне деген улуу зат, бул нерселер тууралуу алар менен сүйлөшкөндөн уялам. Алар менен ушул теманы сүйлөшүп отурганымды элестетүүгө да мүмкүн эмес".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
shankol88
2017-09-23 15:22:54
Тообаа ушулда болчу беле...Ата эне менен баланын ортосунла өщүнчө сый урмат болот даа...Ушу Европаны туураганды койбойт екенда ...
+3
no.comment
2017-09-23 16:22:21
Кызык, эмне учун Европа, Америка Орто Азия элдери туш келди эле жыныстык катнашты жарыя кыла беришпейт экен, биз да ошентели деп айтышпайт да, биз эле аларды туурай беребиз?
-1
AKCAHAT
2017-09-24 14:20:01
no.comment, биз жашырып атып былгытып сасытып койобуз,аборт мн жыныстык ооруулар боюнча ошо именно Орто Азия рулит анын ичинде аборт боюнча Кыргызстан фореве рулит этет. Ошрндо кантип ойлойсун? Типа уялып тороп койуп мусорго туалетке ыргыткан сонунбу же ата энеси сактанганды, же жолун айтып кенешип проблеманы чечкен жакшыбы.Америка Европа десе башка нерсени ойлошот бул жон гана илгериден келейткан пропаганда, саясат СССРдин азыркы Россиянын.Дет дом деген тушунуктун озу жок европада а биздечи?
0
Hadyja
2017-09-23 18:46:36
Ата-эненин ыйыктыгы сакталыш керек.
0
Fatimnazz
2017-09-23 18:51:22
Уят эле....
0
kyrgyz-patriotu
2017-09-24 09:41:17
Баштап көргүлө да, аягы кандай болот көрөсүңөр. Батышты туурап куурай турган болдук го.
0
AKCAHAT
2017-09-24 14:13:45
Жашырып уялып эмнеге жеттик? Айтпаса эле жасабайт дегени эмес да жашырып,уялып журуп канчалаган наристелер таштандыда,ит куш жеп, туалетке ыргытылып, аборт болуп баратат, тоже мне уяты барлар намыстуулар))ошо Америкада 1 штатта 1 эле аборт жасоочу клиника бар экенго ошону дагы жабууну талап кылып атышат.Баякы башы чумкок арты ачык болбой эле койгулачы, козуларым.Разврат,зынаа баары бизде анан эле уялып калышат.Америкада хотя бы ата энеси резина колдон деп атып оорудан, аборттон сактайт экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан