ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: 44 жыл мурун орусиялык театр жана кино актрисасы Мария Голубкина туулган

Мындан 44 жыл мурун, 1973-жылдын 22-сентябрь күнү орусиялык кино жана театр актрисасы Мария Голубкина жарык дүйнөгө келген.

Мария Москвадагы №18-мектепте окуган. 11 жашынан тарта ат спорту менен машыгып, ар кандай мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. Ошону менен бирге эле ал театрга барып, ар кандай ролдорду аткарчу. Анын кинодогу дебюту 1990-жылы тартылган "Ребро Адама" аталышындагы тасмадан башталган.

Мария Голубкина окууну бүткөн соң Щукин атындагы театралдык училищеге тапшырып, аны 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылдан тарта Москвадагы академиялык театрда, 2007-жылдан 2010-жылга чейин Пушкин атындагы Москва драма театрында иштеген.

Актрисанын кинодогу жылдызы "Свадьба" тасмасына тартылган соң жанган. Андан соң "Афера" тасмасында журналисттин ролун жараткан. Ошондой эле "Джек-пот для Золушки", "Откровения", "Чокнутая", "Жемчуга" жана башка сериалдарга тартылган.

Мария Голубкинанын биринчи сүйүүсү актёр Андрей Соколов болгон. Бирок ал экөөнүн сүйүүсү аягына жеткен эмес. Эки ажырым жолго түшкөн соң Мария 1996-жылы шоумен, музыкант, спортчу Николай Фоменко менен баш кошуп, Анастасия аттуу кыздуу жана Иван аттуу уулдуу болушкан. 2008-жылы ажырашып кетишкен. Мария Голубкина ажырашууга Николай Фоменко себеп болгонун айтып келет.

22-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан