Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорун 3 окууда жактырышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттин Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинен билдиришти.
Анын айтымында, буга чейин калган 4 фракция КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" жана оппозициялык "Ата Мекен" Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоору боюнча чечим чыгарган.
"Ата Мекендин" аталган долбоордун 3 окууда кароосуна макулдук бергенин, бирок аны колдоо жөнүндө чечимди кабыл албаганын фракция лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов билдирген.
Айта кетсек, кечээ, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда жактырылган. Жыйын жабык эшик артында өткөн.