Адахан Мадумаров шайлоого өз алдынча барарын айтты

Адахан Мадумаров президенттик жарышка өз алдынча бара турган болду. Бул маалыматты SUPER.KG'ге ал өзү тастыктады.

"Мен президенттик шайлоого өз алдынча барам. Бирок биригүү боюнча кенен форматтагы сүйлөшүүлөр токтобойт. Мен биригүүлөр тууралуу мурдагы сөздөрүмдөн жазбайм", - деди Мадумаров.

Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров буга чейин "Азыркы саясий баш аламандыкты токтотуу үчүн президенттик жарышка катышуудан баш тартып, өлкөдө тартип орното ала турган саясий эрки бар талапкерлердин бири менен биригүүгө даярмын" деп өзү уюштурган маалымат жыйынында айткан болчу.

Мындан тышкары ал 14-сентябрда SUPER.KG тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаровдун биригүүсү боюнча аябай кызуу сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан. 16-сентябрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан") менен Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт") Өзгөн районундагы шайлоочулардын алдына чогуу чыгышкан. Бирок ушул күнгө чейин сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан