18-23-июнь күндөрү Украинада өтө турган “КМШнын хрусталь таажысы-2013” аттуу эл аралык сулуулар сынагына 9 жаштагы Вега Төлөгөн кызы катышат. Айта кетсек, аталган сынакта жаш таланттардын сулуулугу, актёрлук чеберчилиги жана алардын улуттук кийимдери калыстар тобу тарабынан бааланат. Эске сала кетсек, Бишкекте өткөн “Мини мисс Кыргызстан-2013” сынагында Вега Төлөгөн кызы "Вице-мисс" наамын жеңип алган болчу.