Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди

Бүгүн, 27-майда Кыргызстанга расмий иш сапары менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. “Манас” Эл аралык аэропортунан тажик мамлекет башчысын премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күтүп алды. Андан соң тажик президентин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тосуп алды. Расмий иш сапарынын алкагында Эмомали Рахмон кыргыз тарап менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Учурда кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн Координациялык кеңешинин 1-жыйынына катышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан